11.09.20 № 212 Ош шаарындагы № 5311, № 5908, № 5910 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын Ош шаарындагы № 5311, № 5908, № 5910 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана  референдум  өткөрүү  боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ош шаарындагы төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлсүн:

№ 5311 шайлоо участкасы, Зайнабетдинов көчөсүндөгү № 2 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун имаратынан Ж. Райимбеков көчөсү, 106а дарегиндеги «Мол булак» бала бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн;

-  № 5908 кошумча шайлоо участкасы, Мамыров көчөсү, 88а дарегиндеги «Асан-Үсөн» ишканасынын имаратынан Мамыров көчөсү, 97 дарегиндеги «Аяна» ишканасынын имаратына өзгөртүлсүн;

- № 5910 кошумча шайлоо участкасы, Моминов көчөсү, 148а дарегиндеги «Черемушки» кичи районунун Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин филиалынын имаратынан Моминов көчөсү, 181 дарегиндеги «Черемушки» кичи районунун «Кыргызстан» кинотеатрынын имаратына өзгөртүлсүн.

2. Ош аймактык шайлоо комиссиясы Ош шаардык мэриясы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

 

 ТӨРАГА                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                                                                                      

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 11- сентябры

№ 212                                                                                Н. Шайлдабеко