№273 2017-жылдын 20-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-июлундагы № 206 токтому менен 2017-жылдын 20-июлуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Кара-Жал, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Ак-Суу, Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Омурбеков Марат Рыскулович табылсын.

2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Бараканов Сагындык Калыбекович табылсын.

3. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

3.1. Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3.2. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Айткулов Таалайбек Алимырзаевич табылсын.

4. Ак-Суу, Аксы аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдардын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 25-июлу, 
№ 273