№25 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

2018-жылдын 2-февралына дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо биринчи турда  эки катталган талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калгандыгына байланыштуу өткөн жок.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 20-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарына А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2018-жылдын 6-февралы,
№ 25