17.06.2021 № 475 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-майындагы № 287 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – Акумбаева Мээрим Рысбековна -«Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясынан, Замирбеков Баяман Замирбекович - «Ата-Журт Кыргызстан» депутаттык фракциясынан сунушталып катталган.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Көк-Жаңгак шаардык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, М. Акумбаевага - 4 добуш, Б. Замирбековго – 12 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 5 добуш берилгендиги белгиленген.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Замирбеков Баяман Замирбекович Көк-Жаңгак шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 11-июнундагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Замирбеков Баяман Замирбекович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Сузак аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Көк-Жаңгак шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну
№ 475