№314 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ахматбек Келдибекович Келдибековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна “Ата-Журт” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкер А.К. Келдибековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Келдибековдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:

-Эргешов Бекмурза Аскарбаевич;

-Маматов Руслан Нурдинович.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Келдибековдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 3-августу
№314