Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Болотканов Кубатбек Болоткановичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 2015-жылдын 27-ноябрында №22 чечимин кабыл алган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Болотканов Кубатбек Болоткановичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 2015-жылдын 27-ноябрындагы №22 чечими бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Болотканов Кубатбек Болоткановичти шайланган депутат деп таануу боюнча токтомунун бөлүгү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Болотканов Кубатбек Болоткановичтин каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Болотканов Кубатбек Болоткановичтин күбөлүгү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 7-декабры
№194