№100 2018-жылдын 13-майында өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

2018-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-мартындагы ПЖ №55 Жарлыгы менен дайындалган          Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Төлөйкөн айылдык кеңешинде мандаттардын саны 31ди түзгөн. Төлөйкөн айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу    6 шайлоо округ жана 8 шайлоо участкасы түзүлгөн. Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 31 мандатка 88 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 13653тү түзүп, анын ичинен 7324 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 53,6 % түзгөн.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине ылайык, №5243, №5244, №5245, №5550, №5246, №5247, №5248, №5513 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2018- жылдын 13-майындагы протоколдорунун негизинде Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 16-майындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жана Төлөйкөн айылдык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн. 
 
ТӨРАГА                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
2018-жылдын 21-майы
№ 100