№99 Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

2019-жылдын 1-июлуна дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн берилгендигине байланыштуу өткөн жок.

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 27-июнундагы №155-б буйругу менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Бекназаров Руслан Азимбекович өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2019-жылдын 19-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 24-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Баткен жана Аксы аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурушсун.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 5 - июлу 
№ 99

Маалым кат-негиздеме