№239 Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл аймагында жана Жумгал районунун Байзак айыл аймагында жаңы шайлоо участкаларды түзүү жөнүндө

Шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жаңы шайлоо участкаларын түзүү боюнча Кочкор жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын берген сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 20-беренелерин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл аймагында № 4170 жана Жумгал районунун Байзак айыл аймагында № 4169 жаңы шайлоо участкалары түзүлсүн.

2. Кочкор жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиялары жаңы түзүлгөн шайлоо участкаларына участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин мыйзамга ылайык түзсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 14-июлу

№ 239