№ 203 “Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана референдумдун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүүдө жарандардын катышуусун жана эркин эрк-ниетин камсыз кылуу, ошондой эле ички миграцияга байланыштуу жана туруктуу жашаган жери боюнча добуш берүү күнүндө добуш берүү мүмкүнчүлүгү жок Кыргыз Республикасынын жарандарына референдумду өткөрүүгө катышуу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21, 32-37 жана 48- беренелерине жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7- беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана референдумдун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын референдуму жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү айкалышкандыгына байланыштуу:

- арыз ээлери катталган бир жана ошол эле калктуу пункттарда же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чектеринде (ф. №2) арыз боюнча шайлоо дарегин өзгөртүүгө жол берилбейт жана шайлоо комиссиялары мындай арыздарды кабыл албайт;

- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, добуш берүү күнүндө коомдук тартипти камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлери, байкоочулар, “Макул” тобунун жана “Каршы” тобунун өкүлдөрү               үчүн  2016-жылдын  26 - ноябрынан   кечиктирбестен  шайлоо  дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө (ф. №2) алар арыз берген шартта бир жана ошол эле калктуу пункттун чектериндеги шайлоо даректери атайын тартип иретинде өзгөртүлүшү мүмкүн;

- паспортунда Бишкек шаарында катталган белгиси жок жана Бишкек шаарында №2 формасы боюнча добуш берүү ниетин билдирген жарандар 2016–жылдын 26-ноябрынан кечиктирбестен шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө (ф. №2) арызын берген шартта Бишкек шаарында кошумча калыптанган участкаларда гана референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилет.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 13-ноябрь 2016-жыл

№ 203