2013-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-ноябрындагы № 163 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү.
Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын – Кант шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 21-ноябрындагы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Кант шаарынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Абдрахманов Эркин Джумабекович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын шайланган мэри деп табылсын.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган шаардын мэрине белгиленген үлгүдөгү ырастама тапшырылсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П. П. Баженовко жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 26-ноябры
№ 167