“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин
1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 10-бөлүгүнүн
1,2, 6-пункттарына жана 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жобого,
2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, өз каалоолору боюнча комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө
Ч.А. Эшатованын, С.Б. Жумалиеванын, М.М. Абдрасулованын, Д.К. Молдокееванын,
Б.К. Койчуманованын, С.В. Дубининанын, Д.Т. Токоновдун, М.М. Абдрасулованын,
С.А. Абдраевдин, Т.С. Акматовдун, Л.Н. Астрелинанын, А.К. Танбаевдин,
З.Н. Токмамбетованын аларды комиссиялардын курамынан жана резервинен өз каалоосу боюнча чыгаруу тууралуу арыздарынын негизинде, Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлүнүн Н.Т. Чештиеваны комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө арызынын, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын И. Егоренкованы комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө, Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын Д.К. Шугуралиевди комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө сунуштамаларынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан комиссиянын мүчөлөрү «Ар-Намыс» (Партия достоинства) саясий партиясынан - Эшатова Чынара Абдыкалыковна чыгарылсын.
2. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын мүчөлөрү: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Молдокеева Дамира Керимовна (комиссиянын төрагасы), Койчуманова Бактыгул Атаевна (комиссиянын катчысы) Дубинина Светлана Викторовна, Токонов Джумагул Темирбекович, «Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан - Жумалиева Салтанат Бообековна, “Замандаш-Современник” саясий партиясынан - Абдрасулова Мая Медербековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан Абдраев Сапарбек Ибраимович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Чоштиева Нуриса Табалдиевна, Акматов Тахир Суйумбекович комиссиянын резервинен чыгарылсын.
3. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен «Ар-Намыс» (Партия достоинства) саясий партиясынан Астрелина Любовь Николаевна, «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан Танабаев Алмазбек Корчунович, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Токмамбетова Зарема Нурдиновна, “Эл үчүн” саясий партиясынан Егоренкова Анна Ильинична чыгарылсын.
4. Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан комиссиянын мүчөсү «Ата-Мекен» социалисттик саясий партиясынан - Шугуралиев Каныбек Джумабекович чыгарылсын.
5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 25-майы
№ 75