Башкы БШКнын ЧУА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … № 92 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо …

№ 92 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Нускаманы бекитүү тууралуу

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 2 сентября 2010 года, № 192 Об уполномоченном представителе политической партии «Республика» от 4 сентября 2010 года, №193

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуу максатында “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин аныкталган кезегин киргизүү боюнча катталган саясый партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Нускама бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

- 2010-жылдын 16-сентябрындагы №260 “Шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак кармоону өткөрүү тартиби жөнүндө”;

- 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 147 "Шайлоо бюллетендеринин аныкталган кезегин киргизүү боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо" тууралуу.

3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Ж.Б. Бапановага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Т.АБДРАИМОВ


Бишкек шаары, 2015-жылдын 28-июлу,

№ 92

 

2015-жылдын 28-июлунда жарыяланды 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук  комиссиясынын

2015-жылдын  28-июлундагы

№ 92 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Нускама

 

1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартибин  жөнгө салат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын ортосундагы чүчүкулакты Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрөт.

2. Шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосундагы чүчүкулак каттоо мөөнөттөрү аяктагандан кийин жана шайлоо бюллетенинин текстин бекиткенге чейин жүргүзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) чүчүкулак өткөрүүнүн датасын жана убактысын аныктайт.

4. Борбордук шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду жөнүндө катталган саясий партияларга маалымдайт.

5. Катталган саясий партияларды шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулакка төмөнкүлөр катышат:

-алардын ыйгарым укуктары тиешелүү документтер менен ырасталган катталган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан берилген саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү жана инсандыгын ырастоочу документ);

-Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү;

-жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жайды, барабанды, лотторду, башка зарыл атрибуттарды, ошондой эле чүчүкулактын протоколун даярдоо Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жүктөлөт.

7. Чүчүкулак төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:

-лототрон орнотулат, анда номерлери менен шарик түрүндөгү лоттор жайгаштырылат. Лоттордун саны катталган саясий партиялардын санына дал келүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү залда катышып отургандардын ичинен бир адамды чакырат, ал алдын ала бардык катышуучуларга көрсөтүп, номерлери менен шариктерди лототронго салат;

-андан кийин талапкерлердин тизмелерин каттоо тартибинде саясий партиялардын өкүлдөрү чакырылат жана барабан тегеретилет. Саясий партиянын өкүлү лотту алып чыгат жана алып чыккан лотту бардык катышуучуларга көрсөтүп, номерин жарыялайт.

8. Саясий партиянын өкүлү келбеген учурда жок болгондун ордуна залда катышып отургандардын ичинен көз карандысыз адамды (жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук бирикмелердин өкүлүн жана башка) чүчүкулак процессине катышуу үчүн чакырууга болот.

9. Чүчүкулактын натыйжалары бардык катышуучуларга жарыяланат.

10. Өткөрүлгөн чүчүкулактын натыйжалары боюнча протокол толтурулат. Протоколдун тиешелүү графаларына чүчүкулакка катышкан саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты жазылат жана анын колу коюлат.

Протокол  Борбордук шайлоо комиссиясынын чүчүкулакка катышкан бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.