Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 9-июнундагы № 57 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Ноокат районунун Көк-Бел, Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоого айылдык кеңештердин депутаттарынын жалпы санынын 3/2си катышпагандыгына, Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо катталган талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын зарыл болгон добуштарын албагандыгына жана Чүй облусунун Токмок шаарынын мэринин, Чүй районунун Кош-Коргон, Ысык-Ата районунун Ысык-Ата, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундары бош болуп калгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жана №424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр (мурда катоодон өткөн талапкерлер менен), Сары-Колот (жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен), Ноокат районунун Көк-Бел, Алай районунун Коңур-Дөбө (мурда катоодон өткөн талапкерлер менен) айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо 2015-жылдын 14-июлуна тиркемеге ылайык дайындалсын.
- Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин, Чүй районунун Кош-Коргон, Ысык-Ата районунун Ысык-Ата; Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2015-жылдын 17-июлуна тиркемеге ылайык дайындалсын.
- Кара-Суу, Ноокат, Алай, Токмок, Чүй, Ысык-Ата, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 30-июну
№ 66
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референду
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2015-жылдын 30-июнундагы
№ 66 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоону өткөрүүнүн графиги
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы |
|
Ош облусу Кара-Суу району |
||
|
Сары-Колот |
14.07.2015-ж., саат 9-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Отуз-Адыр |
14.07.2015-ж., саат 14-00дөн 18-00 чейин |
|
|
Ноокат району |
||
|
Көк-Бел |
14.07.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Алай району |
||
|
Коңур-Дөбө |
14.07.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Чүй облусу |
||
|
Токмок шаары |
17.07.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Чүй району |
||
|
Кош-Коргон |
17.07.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Ысык-Ата району |
||
|
Ысык-Ата |
17.07.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району |
||
|
Тамга |
17.07.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|