№ 85 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 69 токтомунун Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын                   27-мартындагы протоколу менен Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары туура эмес белгиленгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын        11-апрелиндеги № 69 токтомунун ушул бөлүгүн жокко чыгарууга тийиш.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 69 токтомунун Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү боюнча бөлүгү жокко чыгарылсын.

2. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттарын каттоо боюнча Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 11 чечими жокко чыгарылсын. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттарын каттоосу жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                    Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 19-апрели

№ 85