№ 270 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депуттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы №213 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун  Өзгөн шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо өткөрүлдү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Респбуликасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык шайлоону өткөрүү үчүн Өзгөн шаардык кеңеши боюнча 12 шайлоо участогун камтыган 1 бирдиктүү шайлоо округу түзүлгөн.

Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы берген протоколдун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-7-беренелерине,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелерине ылайык,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 14-декабрындагы Өзгөн шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жана Өзгөн шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.

3. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы Өзгөн шаардык кеңешинин шайланган депутаттарынын тизмесин жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына жарыяласын.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

 

ТӨРАГА                                                          Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш, 2016-жылдын 26-декабры

№ 270