Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … № 96 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону …

№ 96 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын контролдук-текшерүү тобунун иши жөнүндө” Жобону бекитүү тууралу

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

Республикалык бюджеттен шайлоо комиссияларга шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын, ошондой эле саясий партиялардын финансылык  отчётторун текшерүү үчүн саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттардын түшкөн булактарды, туура эсепке алууну, пайдаланууну контролдоо механизмин түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин 1–бөлүгүнүн 2,11-14–пунктарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын контролдук-текшерүү тобунун иши  жөнүндө” Жобо  бекитилсин (тиркелет). 

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын: 

-Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын контролдук-текшерүү тобу жөнүндөгү” Жобону бекитүү тууралуу” 2011-жылдын 21-июлундагы №43; 

-“Контролдук-текшерүү тобу жөнүндөгү” 2010-жылдын 24-августундагы №176; 

-“Округдук шайлоо комиссияларындагы Контролдук-текшерүү тобу жөнүндөгү” 1999-жылдын 24-декабрындагы №195.  

3.Бул токтом жана Жобо “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси  Г.М.Баатыровага  жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                              Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 28-июлу

№ 96

 

2015-жылдын 28 июлунда жарыяланды 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясынын

2015-ж. «28» июлдагы № 96

токтому менен бекитилген

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө

ЖОБО

 

 

1. Жалпы жоболор

2. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иш-милдеттери

3. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун милдети

4. Көзөмөлдөө-текшерүү тобун түзүүнүн тартиби

5. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ыйгарым укуктары

6.Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчисинин укуктары жана милдеттери

 

Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иш-милдеттерин жана милдеттерин, аны түзүүнүн тартибин жана ыйгарым укуктарын аныктайт.

 

1. Жалпы жоболор

 

1.1. Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүнүн жана сарптоонун тартибин көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан жүзөгө ашырылат.

1.2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу (мындан ары – көзөмөлдөө-текшерүү тобу) шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен шайлоо комиссияларына бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө үчүн, саясий партиялардын финансылык отчетторун текшерүү үчүн, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын тура эсепке алынышын жана пайдаланылышын көзөмөлдөө үчүн түзүлөт.

Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 7 кишиден көп эмес санда түзүлөт.

1.3.Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун уюштуруунун жана ишинин тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

1.4. Көзөмөлдөө-текшерүү тобу өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдорун жана башка актыларын, ушул Жобону жетекчиликке алат.

1.5. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишин уюштуруучулук, укуктук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

1.6. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишин каржылоо Борбордук шайлоо комиссиясынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

 

2. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иш-милдеттери

 

Негизги милдеттерин аткаруу максатында көзөмөлдөө-текшерүү тобу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- шайлоолорду каржылоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик укуктук актыларынын шайлоо комиссиялары, саясий партиялар тарабынан сакталышын текшерүүнү;

- саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүнүн булактары жана сарпталышы тууралуу банктык мекемелердин бөлүмдөрүнөн келип түшкөн маалыматтарды жыйноону жана талдоону;

- саясий партиялардын финансылык отчетторун текшерүүнү жана алардын адепки финансылык документтерге шайкештигин текшерүүнү;

- шайлоо аяктагандан кийин саясий партиялардын сарпталбай калган шайлоо фонддорунун акчалай каражаттарынын кайрылып берилишин көзөмөлдөөнү;

- шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын текшерүүнү;

- шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын сарпталышы жөнүндө шайлоо комиссияларынын финансылык отчетторун, алардын адепки финансылык документтерге шайкештигин текшерүүнү;

- саясий партиянын шайлоо күрөсүнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине келип түшүүсүнүн тууралыгын жана аларды кайрып берүүнүн тууралыгын текшерүүнү;

- шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого тийиштүү маселелер боюнча, менчигинин формасына карабастан, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, банктарда жана башка насыя-финансылык мекемелерде текшерүүлөрдү жүргүзүүнү;

- шайлоолорду каржылоо маселелери боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын актыларын иштеп чыгууга катышууну;

- бюджеттик каражаттарды, ошондой эле саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын сарптоолорду текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдорунун жана башка чечимдеринин долбоорлорун даярдоону;

- шайлоолорду каржылоого тийиштүү маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздарын жана даттанууларын кароону;

- шайлоолорду каржылоо маселелери боюнча бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларына, ошондой эле саясий партияларга алардын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо маселелери боюнча усулдук жардам көрсөтүүнү.

 

3. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун милдеттери

 

Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун милдеттери төмөнкүлөрдү көзөмөлдөө болуп саналат:

- саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акчалай каражаттарынын келип түшүү булактарын, ошондой эле акчалай каражаттарды эсепке алуунун жана сарптоонун тууралыгын;

- шайлоолорду финансылык камсыз кылуу үчүн шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу сарптоону жана пайдаланууну.

 

4. Көзөмөлдөө-текшерүү тобун түзүүнүн тартиби

 

4.1. Көзөмөлдөө-текшерүү тобуна төмөнкүлөр кирет: көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси, анын орун басары, көзөмөлдөө-текшерүү тобуна дайындалган Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, укук коргоо, финансылык жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин тартылган адистери. Көрсөтүлгөн органдар, уюмдар жана мекемелер Борбордук шайлоо комиссиясынын суроо-талабы боюнча шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен адистерди анын карамагына иш сапарына жиберүүгө милдеттүү.

4.2. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунда иштеген мезгилде тартылган адистер негизги жумуштарынан бошотулат, негизги жумуш орундары боюнча алардын жумушчу орундары (ээлеген кызматы), белгиленген кызматтык айлык маяналары жана башка төлөмдөрү аларга сакталып турат. Көрсөтүлгөн тартылган адистерге ошондой эле шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сый акылар төлөнүп берилиши мүмкүн.

4.3. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчисин дайындоо жана бошотуу, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын отурумунда, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын сунуштамасы боюнча жүзөгө ашырылат. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун башка мүчөлөрү анын курамына, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын тескемеси менен, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси менен макулдашуу боюнча жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү сунуштамасынын негизинде кошулат.

4.4. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси болбогондо, анын милдеттерин орун басары аткарат.

 

5. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ыйгарым укуктары

 

5.1. Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча:

1) саясий партиялардын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын финансылык отчетторун текшерет;

2) саясий партиялардан, шайлоо комиссияларынан өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды сурайт жана алат;

3) шайлоо алдындагы үгүттөөнү жүргүзүүнү каржылоонун, саясий партиялардын шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан башка иш - чараларды жүзөгө ашыруунун белгиленген тартиптеринин сакталышын көзөмөлдөйт;

4) мамлекеттик органдарга, менчигинин формасына карабастан уюмдарга, ошондой эле жарандарга, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун карамагына киргизилген бардык маселелер боюнча кайрылат, шайлоолорду финансылык камсыз кылуу менен байланышкан зарыл материалдарды жана маалыматтарды сурайт. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун кайрылууларына жооптор жана ал сураган материалдар 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнүнө 5 же андан аз күн калганда жана добуш берүү күнү – токтоосуз берилет.

5) шайлоолорду каржылоодогу финансылык тартип бузуулар жөнүндө документтерди түзөт;

6) тиешелүү шайлоо комиссиясынын алдына саясий партияларга карата, ошондой эле жарандарга жана юридикалык жактарга карата саясий партиялардын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоодо алар тарабынан жол берилген тартип бузуулар үчүн жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө маселелерди коёт;

7) текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, корутундуларды жана эксперттик баа берүүлөрдү даярдоого эксперттерди тартат.

5.2. Көзөмөлдөө-текшерүү тобу, бекитилген графикке ылайык, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын тескемеси боюнча текшерүүлөрдү жана алар шайлоо алдындагы өнөктүктөрдү жүргүзүүлөрүнүн жүрүшүндөгү саясий партиялардын финансылык операцияларын максаттуу текшерүүлөрдү жүргүзөт. Текшерүүлөрдүн жана максаттуу текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча актыларды жана маалымдамаларды түзөт, алар комиссиянын отурумунда андан ары бекитүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына берилет. Актылардын же маалымдамалардын аныктыгы үчүн ага кол койгон адамдар жеке жоопкерчилик тартышат.

 

6. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчисинин укуктары жана милдеттери

 

Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси:

- көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишин уюштурат;

- көзөмөлдөө-текшерүү тобунун карамагына киргизилген маселелер боюнча Борбордук шайлоо  комиссиясынын жумуш пландарына сунуштарды киргизет;

- мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, шайлоо комиссияларында, саясий партияларда, Кыргыз Республикасынын коомдук коммерциялык жана башка ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында көзөмөлдөө-текшерүү тобунун кызыкчылыктарын жактайт;

- көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иштери жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында отчет берет;

- көзөмөлдөө-текшерүү тобунун курамына кирген адамдардын, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жумушуна тартылган адамдардын арасында милдеттерди бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын текшерет;

- көзөмөлдөө-текшерүү тобунун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы менен туруктуу байланышын камсыз кылат, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин талап кылган маселелер боюнча сунуштарды киргизет.