№446 Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы №4110 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
№4110 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы №4110 шайлоо участкасынын дареги, Таш-Дөбө орто мектебинин имаратынан Надырбек Бийсеев атындагы спорт залдын имаратына өзгөртүлсүн.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 15-сентябры
№ 446