“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 - беренесинин 7-бөлүгүнө жана 2011-жылдын 18-октябрындагы ”Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 375 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен өз ыктыярлары менен чыгаруу боюнча Ч.Сагынбаеванын, В.А.Калдыбаеванын арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин - “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Сагынбаева Чолпон Таалайбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Калдыбаева Венера Абасбековна комиссиянын резервинен чыгарылсын.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш., 2012-жылдын 16-февралы
№ 36