«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 7-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Т.Е. Майгулакованын, Д.К. Эсенгуловдун, Г.М. Асанбаеванын, Д.К. Борончиеванын, У.А. Карагуловдун, А.К. Такиевдин, З.М. Сопубекованын, А.К. Сайдыкулованын, А. Н. Ахматованын, К.И. Байжигитовдун, А. Амировдун, М.М. Турдыеванын, К.Ш. Тухтаровдун, С.М. Эркебаевдин, Н. Жороевдин, М.К. Асанбековдун, Ш.К. Арыкованын, М.Ж. Уржановдун, Д.Б. Исабековдун, Д.С. Алыбаеванын, Э.А. Кененбаевдин, Аман кызы Б., Ч.С. Оморованын, С.А. Жусуповдун арыздарынын, Лейлек районунун Исфана шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчисинин маалыматынын, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэриясынын маалымкатынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен төмөнкүлөр чыгарылсын: Майгулакова Танапия Емилбековна – «Бүткүл жаштар” саясий партиясынан; Эсенгулов Джумабек Культаширович – «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан; Асанбаева Гульмира Мусурабековна – «Ар-Намыс» саясий партиясынан; Борончиева Дамира Толобековна – «Эл үчүн» саясий партиясынан; Карагулов Улан Айтбекович, Такиев Айдар Кубанычбековича, Сопубекова Зарема Мелсовна, Сайдыкулова Алима Какелеевна – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
2. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен төмөнкүлөр чыгарылсын: Ахматова Айнура Найматовна – «Ата-Журт» Мекенчил партиясы” саясий партиясынан; Байжигитов Куванычбек Ибрагимович – «Эл үчүн» саясий партиясынан; Амиров Абдирашит, Орозов Абдимажит Кожомович – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
3. Баткен облусунун Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен төмөнкүлөр чыгарылсын: Турдыева Мавлюда Мамаджановна – от «Республика» саясий партиясынан; Тухтаров Кундуз Шукурович, Эркебаев Сапарали Муртазович, Жороев Наби, Яфаров Шамил Сулейманович – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
4. Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен төмөнкүлөр чыгарылсын: Асанбеков Медербек Какенович – «Замандаш – Современник» саясий партиясынан; Арыкова Шайгул Кадышовна, Уржанов Мирлан Жаныбекович, Исабеков Дилдекан Бекболотович, Алыбаева Джамила Сарыевна, Кененбаев Эркинбек Аманкожоевич – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
5. Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен төмөнкүлөр чыгарылсын: Аман кызы Бактыгул, Оморова Чолпон Садыбакасовна, Жусупов Сыргак Абдыжапарович – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 11-июну
№ 105