№322 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

2017-жылдын 3-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Малиевден өзүнүн шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кайра чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин
8-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Малиевдин шайлоо боюнча Айылчиева Анаркуль Содобекова жана каржы боюнча Нонкина Лариса Викторовна ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Айылчиева Анаркуль Содобековага №310 жана Нонкина Лариса Викторовнага №291 берилген каттоо ырастамалары ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом «ЭркинТоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 5-августу 
№ 322