25.02.2021 №48 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самат Гульнара-Кларанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

«Ата-Мекен» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самат Гульнара-Клара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 49 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.

Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган ишке өтүүсүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самат Гульнара-Кларанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самат Гульнара-Кларанын күбөлүгү анык эмес деп табылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 25-февралы
№ 48