18.02.2021 №43 Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 5 токтому менен бекитилген Ош облусунун Кара-Суу аймагындагы айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-февралындагы № 3 чечиминин, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-февралындагы № 1 токтомунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5 пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Кара-Суу аймактык, участкалык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоо участкаларынын өзгөртүлгөн схемалары, чек аралары боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 18-февралы
№ 43