№ 248 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Баткен облусунун Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 213  Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык, Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 10 шайлоо участканы камтыган 1 бирдиктүү шайлоо округ түзүлгөн.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан берилген  Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37,40,56-1 -беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 14-декабрындагы Баткен облусунун Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Лейлек аймактык шайлоо комиссиясына жана Исфана шаардык кеңешине жиберилсин.

3. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                      Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 24-декабры

№ 248