№488 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу айыл аймагындагы № 3055, Түп айыл аймагындагы № 3062 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын №3055, №3062 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу айыл аймагындагы №3055 шайлоо участкасынын дареги, Ой-Булак айылындагы клубдун имаратынан Ой-Булак айылындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
2.Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл аймагындагы № 3062 шайлоо участкасынын дареги, Шаты айылындагы клубдун имаратынан Д. Молдогазиев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
3.Түп аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөрүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн
4.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 2-октябры
№ 488