26.06.20ж. №119 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-сентябры № 437 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-сентябры № 437 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик
мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү
боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” Нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 8-августундагы №116 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18-беренелерин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-сентябры № 437 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” Нускамага төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Чүчүкулак талапкерлерди каттоо бүткөндөн кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 35 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт, ал эми кайра добуш берүү өткөрүүдө - кайра добуш берүү дайындалган күндөн тартып бир күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.”.
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына берилген телерадио уюмдарынын каналдарында жүргүзүлүүчү биргелешкен үгүт иш-чараларына (дебаттарда жана башка ушуга окшогон иш-чараларга) катталган талапкерлер, анын ичинде саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлер жеке өздөрү гана катыша алышат.
Катталган талапкердин же саясий партиянын өкүлдөрүнүн жана колдоочу топторунун мындай иш-чараларга катышуусуна жол берилбейт.
Биргелешкен үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартканда же келбей калганда акысыз эфир убактысы башка убакта берилбейт.”.
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: “Чүчүкулактын жыйынтыгы протокол менен бекитилет.”.
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16. Чүчүкулактын натыйжасында аныкталган эфир убактысын бөлүштүрүү графиги Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына, ошого ылайык мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда, жарыяланат.”.
2. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 26-июну
№ 119