Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Өмүров Ы.Т. Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2013-жылдын 11-ноябрындагы №50 буйругу менен ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы Батирханов Н.С. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2013-жылдын 8-октябрындагы №126 буйругу менен ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак, Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут, Чүй облусунун, Жайыл районунун Красный Восток, Кемин районунун А.Дүйшеев айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү 2013-жылдын ноябрь-декабрь айларында аяктайт.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын:
- Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой;
- Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак;
- Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут;
- Чүй облусунун Жайыл районунун Красный Восток;
- Чүй облусунун Кемин районунун А.Дүйшеев,
- айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо күнү 2013-жылдын 11 -декабрына дайындалсын.
2. Жумгал, Чаткал, Сузак, Баткен, Жайыл, Кемин аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П. П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 26-ноябры
№165