№221 “Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн, Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

“Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн, Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын    2018-жылдын 11-декабрдагы № 219 токтомуна өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 11-декабрдагы № 219 токтому менен Чүй облусундагы Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 29-декабрына дайындалган.
2018-жылдын 12 жана 14-декабрында КР БШКга Чүй облусундагы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2018-жылдын 12-декабрындагы № 467-р буйругу тиркелген Чүй облусундагы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын кайрылуусу түшкөн, анда Чүй облусунун прокуратурасынын 2018-жылдын 20-ноябрдагы № 11/116-18 сунуштамасынын негизинде Бакасов Тагайбек Самаркановичти бошотуу тууралуу мурда кабыл алынган 2018-жылдын 5-февралындагы № 35-Б буйрук жокко чыгарылган.
Аталган буйрук менен Бакасов Т.С. айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы кызматына калыбына келтирилген жана Чүй облусунун прокуратурасынын сунуштамасына ылайык 2018-жылдын 12-декабрынан тартып кызматынан четтетилген.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн, Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 11-декабрдагы № 219 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1.1. аталыштагы «башчыларын» деген сөз «башчысын» деген сөз менен алмаштырылсын, «Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн» деген сөздөр алынып салынсын;
1.2. преамбулада экинчи абзац алынып салынсын;
1.3. токтомдун текстинде - «башчыларын» деген сөз «башчысын» деген сөз менен алмаштырылсын, «Чүй облусундагы Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн» деген сөздөр алынып салынсын;
1.4. 2-пунктта «жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларына» деген сөздөр «аймактык шайлоо комиссиясына» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом Чүй облусундагы Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жана Гавриловка айылдык кеңешине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом "Эркин Too" газетасында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго тапшырылсын.
 
ТӨРАГА                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 14- декабры
№221