Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 27-январындагы № 9 буйругу менен Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Ж. Жакыпов берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 14-январындагы № 1 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тийиштүү добушун албагандыгына байланыштуу өткөн жок.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2015-жылдын 2-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2015-жылдын 25-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Ак-Суу, Түп аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 11-февралы
№ 14
2015-жылдын 11-февралында жарыяланды