№151 Кыргыз Республикасынын аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26 сентябрындагы №150 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» Жобого, 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиялары (мындан ары – аймактык шайлоо комиссиялар) он эки мүчөнүн курамында түзүлсүн (комиссиялардын курамдары тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                             Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 26-сентябры

№ 151