№235 2017-жылдын 5, 6, 7, 10, 11-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

5, 6, 7, 10, 11-июлуна дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэрин, Чүй облусунун Москва районунун Төлөк,  Жайыл районунун Красный Восток, Сосновка, Полтавка, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын Кадамжай шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын шайланган мэри болуп Бегалиев Бакытбек Турдалиевич табылсын.

2. Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Москва аймактык шайлоо комиссиясынын Төлөк айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2. Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Маматов Эвертбек Эмилбекович табылсын.

3. Чүй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

3.1. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3.2. Чүй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Алыбаев Эрнисбек Мадылбекович табылсын.

4. Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

4.1. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын Сосновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

4.2. Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Сырдыбаев Урмат Кулматович табылсын.

5.  Чүй облусунун Жайыл районунун Полтавка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

5.1. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын Полтавка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

5.2. Чүй облусунун Жайыл районунун Полтавка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Керимов Висид Кенешевич табылсын.

6. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

6.1. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

6.2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Алымов Манас Кадырович табылсын.

7. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

7.1. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

7.2. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Эсенгелдиев Бакыт Камалидинович табылсын.

8. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдардын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

9. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 14-июлу,

№ 235