Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Вутяншин Хадия Мухамедовнадан 2010-жылдын 4-ноябрындагы (№ 52 аст.), Кутманов Нурболот Осмоновичтен 2011-жылдын 30-октябрындагы (№ 53 аст.), Казакбаев Нурмал Калдаровичтен 2010-жылдын 5-ноябрындагы (№ 54 аст.), Кемелов Акыл Канатовичтен 2011-жылдын 30-августундагы (№ 55 аст.), Селеева Зумрат Ярмухамедовнадан 2010-жылдын 4-ноябрынан (№ 56 аст.), Уметов Самарбек Монолдоровичтен 2010-жылдын 4-ноябрындагы (№ 57 аст.) “ Республика” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жана КР ЖК депутаттык мандатынан баш тартуу тууралуу келип түшкөн арыздарына байланыштуу, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 25 пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Ресупбликасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3- бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Вутяншин Хадия Мухамедовнанын, Кутманов Нурболот Осмоновичтин, Казакбаев Нурмал Калдаровичтин, Кемелов Акыл Канатовичтин, Селеева Зумрат Ярмухамедовнанын, Уметов Самарбек Монолдоровичтин “Республика” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык мандатынан баш тартуу тууралуу арыздары канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты деп “Республика” саясий партиясынын талапкерлер тизмеси боюнча Эшимов Акылбек Жусупович катталсын.
3.“Республика” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп катталган Эшимов Акылбек Жусуповичке күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылсын.
4. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
5. Аталган токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 5-сентябры
№208