“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн
2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы районунун Үч-Коргон айылдык аймагынын, Ак-Суу районунун Октябрь айылдык аймагынын, Түп районунун Ысык-Көл айылдык аймагынын, Кара-Буура районунун Маймак поселкалык башкармалыгынын, Манас районунун Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалсын.
2. Айыл өкмөт башчыларын шайлоону өткөрүүнүн графиги бекитилсин (тиркелет).
3. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш.,, 2012-жылдын 2- майы
№ 70
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2012-жылдын 2-майындагы
№ 70 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын –айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону өткөрүү графиги
|
к/н N |
Айыл өкмөттөрүнүн аталышы |
Жергиликтүү кеңештер-дин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын бүтүү мөөнөттөрү |
Айыл өкмөт башчыларын шайлоону өткөрүү мөөнөтү |
Айыл өкмөт башчыларын шайлоолорду өткөрүү үчүн жооптуу
|
|
Жалал-Абад облусу |
||||
|
Аксы району |
||||
|
Үч - Коргон |
05.10.2012 ж. |
24.05.2012 ж. |
БШКнын Аксы АШКдагы атайын өкүлү, АШКнын төрагасы |
|
|
Ысык-Көл облусу |
||||
|
Ак –Суу району |
||||
|
2. |
Октябрь |
05.10.2012 ж. |
24.05.2012 ж. |
БШКнын Ак–Суу АШКдагы атайын өкүлү, АШКнын төрагасы |
|
Түп району |
||||
|
3. |
Ысык-Көл |
05.10.2012 ж. |
24.05.2012 ж. |
БШКнын Ысык-Көл АШКдагы атайын өкүлү- Ысык-Көл облусу боюнча координатор, АШКнын төрагасы |
|
Талас облусу |
||||
|
Кара – Буура району |
||||
|
4. |
Маймак пб |
05.10.2012 ж. |
24.05.2012 ж. |
БШКнын Кара -Буура АШКдагы атайын өкүлү, АШКнын төрагасы |
|
Манас району |
||||
|
5. |
Покровка |
05.10.2012 ж. |
24.05.2012 ж. |
БШКнын Манас АШКдагы атайын өкүлү, АШКнын төрагасы |