№189 Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгаруу жөнүндө О.Алыкуловдун, З.Ахмеджанованын, Базарбай уулу Т., Б.Мамадалиевдин, Г.Мамутованын, З.Мейманкулованын, Т.Оморовдун, Ж.Раманкулованын, К.Татыкуловдун, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгаруу жөнүндө Д.Шамиралиевдин арыздарынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) 2017-жылдын 18-апрелиндеги кайрылуусунун, Ноокен жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине көрсөтүү жөнүндө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тиешелүү кеңештеринин токтомдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,19,22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренелеринин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиянын резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алыкулов Орозбек Сайдиллаевич, Ахмеджанова Зумраткан Манаповна, Базарбай уулу Төлөгөн, Мамадалиев Болотбек Омошович, Мамутова Гулсара Усупбековна, Мейманкулова Зыйнат Аскаровна, Оморов Таалайбек Тойчубекович, Раманкулова Жаннат Камиловна, Татыкулов Канатбек Анарбекович резервден чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Максудов Тынарбек Тургуналиевич, Топчубаева Махбурат, Осмонкулов Уланбек Советович, Ураимов Нургаз Кочкорович, Болотбек кызы Айкокул, Качкынбаева Эльнурау Сайфудиновна, Кушназарова Сайкал Сабыржановна, Мейманкулова Зыйнат Аскаровна, Абдувалиев Таалайбек Гапурович, Акматов Абдыганы Жорошович, Мурзакулова Хапизахон Абдыкахаровна, Эшиев Ноорузбек Абдилабекович, Ирисалиева Жазгуль Таирбековна, Кушбаев Каныбек Мамытбекович, Жеңишбек уулу Эрлан,  Каримкулов Маматазим Сатаралиевич, Маматов Махмуд Баймырзаевич, Субанов Азимжан Акишович, Абдразаков Калдарбек Токторбаевич, Нурмамат уулу Тынчтыкбек – резервге киргизилсин.

2. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиянын резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шамиралиев Данияр Русланович - резервден чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джумабаева Диляра Султановна – резервге киргизилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 30-июну,  

№ 189