№35 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

2018-жылдын 12, 14, 15, 16-февралында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш жаңыдан шайланган айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары өткөрүлгөн.

2018-жылдын 13-февралына дайындалган Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо биринчи турда бардык талапкерлер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калгандыгына байланыштуу өткөн жок.

 “Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 7-мартына дайындалсын: Кара-Жыгач, Көк-Ойрок, Александровка, Кажы-Сай, Ак-Таш айыл  өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин;  Кара-Булак айыл  өкмөтүнүн башчысын шайлоо саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 2- мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн

ТӨРАГА                                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2018-жылдын 17-февралы 
№ 35