№ 231 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүн, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жана башка мыйзамдарды жетекчиликке алып, шайлоо жана референдумдарда эл аралык байкоочулардын иш аракетинин тартибин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын референдумуна  жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык байкоочу катары төмөнкүлөр аккредитациялансын:

1) Ли Кива – Корея Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын (УШК) директору;

2) Чо Сеунггхо – Корея Республикасынын УШК директорунун орун басары;

3)  О Кеон – Корея Республикасынын УШК менеджери;

4)  Ли Хеонг Ре – Корея Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиянын (УШК) менеджери;

5)  Ли Жиуен – Корея Республикасынын УШК менеджеринин ассистенти;

6)  Ким Таесук – Корея Республикасынын УШК директорунун орун басары;

7)  Ким Жайонг – Корея Республикасынын УШК менеджери;

8)  Жанг Сеонгил – Корея Республикасынын УШК менеджери;

9)  Ли Сеунгжун – Корея Республикасынын УШК менеджеринин ассистенти;

10) Канг Инжеонг – Корея Республикасынын УШК менеджеринин ассистенти;

11) Хускивадзе Акаки – Сарбутало райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Грузия;

12)  Кикалишвили Нино - Надзаладеви райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Грузия;

13) Дзинтра Кузина – Латвия Республикасынын БШК мүчөсү;

14)  Кокинс Юрис – Рига шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы;

15) Новак Василий Александрович – Кыргыз Республикасындагы Беларусия Республикасынын Элчилигинин кеңешчиси;

16) Иванов Сергей Геннадьевич – КРдагы Беларусия Республикасынын Элчилигинин кеңешчиси;

17) Клименко Роман Владимирович – Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Элчилигинин биринчи катчысы;

18) Маринков Дмитрий Александрович - Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Элчилигинин экинчи катчысы;

19) Кузнецов Семен Вальеревич - Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Элчилигинин атташеси;

20) Уанасов Жарас Таласбекович – Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын Элчилигинин биринчи катчысы;

21) Шоканаев Самат Есетович -  Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын Элчилигинин экинчи катчысы;

22) Рафат Панах Мохаммад-Реза – Кыргыз Республикасындагы Иран Ислам Республикасынын Элчилигинин биринчи кеңешчиси;

23) Асадова Махира Сабир кызы – Кыргыз Республикасындагы Азербайжан Республикасынын Элчилигинин биринчи катчысы;

24) Латифов Рамель Мугабиль оглы – Кыргыз Республикасындагы Азербайжан Республикасынын Элчилигинин атташеси;

25) Мазанов Эльшан Асад оглы - Кыргыз Республикасындагы Азербайжан Республикасынын Элчилигинин атташеси;

26) Джонстон Кори – КРдагы Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Элчилигин экинчи катчысы;

27) Хоскинг Эрика – КРдагы АКШ Элчилигинин консулу;

28) Парк Натан – КРдагы АКШ Элчилигинин экинчи катчысы;

29) Ламбрет Джек -  КРдагы АКШ Элчилигинин экинчи катчысы;

30) Дэвис-Кришнера Джои - КРдагы АКШ Элчилигинин экинчи катчысы;

31) Олсон Тревор - КРдагы АКШ Элчилигинин биринчи катчысы;

32) Грассо Роберт - КРдагы АКШ Элчилигинин вице-консулу;

33) Холенштайн Рене – Швейцариянын КРдагы толук жана ыйгарымдуу элчиси;

34) Стрюбин Лоранса – КРдагы Швейцария Элчилигинин атташеси;

35) Орд Смит Робин Джереми – Улуу Британиянын КРдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси;

36) Дьюэл Ричард –Улуу Британиянын КРдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчисинин орун басары;

37) Боулер Николас – КРдагы Улуу Британиянын элчилигинин ДФИД башчысынын орун басары;

38) Брокбэнк Джеймс – КРдагы Улуу Британиянын Элчилиги;

39) Триг Элизабет - КРдагы Улуу Британиянын Элчилиги;

40) Кёртис Бен – Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиянын (ДФИД) Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин өкүлчүлүгүнүн кызматкери;

41) Бастин Хлоя Изабелла - Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиянын (ДФИД) Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин өкүлчүлүгүнүн кызматкери;

42) Клаудия Хок Ирмгард – Кыргызстандагы Европалык Биримдиктин  Өкүлчүлүгүнүн кызматкери;

43) Карлссон Брор Мартин – Кыргызстандагы Европалык Биримдиктин  Өкүлчүлүгүнүн атташеси;

44) Стеркс Надин Викторин - Кыргызстандагы Европалык Биримдиктин  Өкүлчүлүгүнүн кызматкери.

2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана  референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б. Абдрахматовага жүктөлсүн.

        

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2016-жылдын  01 декабры

№ 231