№223 Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

2018-жылдын 14-декабрында жаңыдан шайланган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өткөрүлгөн.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 12-январына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2.Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 24-декабры
№223