28.05.2021 №340 Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каралган сметасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каралган сметасын бекитүү жөнүндө

 

 “Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 231 ЖП Жарлыгынын негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 58-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө сметасы 48 344 000 (кырк сегиз миллион үч жүз кырк төрт) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп, отчеттуулук бөлүмү, бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына бекитилген сметага ылайык бөлүштүрүүнү камсыздасын;

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  төрагасы Н.К. Шайлдабековага  жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                       

Бишкек шаары, 2021-жылдын 28-июну

№ 340