Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 35, 2020-жылдын 20-январындагы № 5 токтомдору менен бекитилген Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Бишкек жана Ош мэрияларынын кайрылууларынын алкагында Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 19-февралындагы № 2-2 чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5 пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык киргизилсин.
- Бишкек жана Ош аймактык, участкалык шайлоо комиссиялары Бишкек жана Ош мэриялары менен биргеликте шайлоо участкаларынын өзгөртүлгөн схемалары, чек аралары боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
- Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 12-марты
№ 59