Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-январындагы № 11 токтому менен дайындалган Талас облусунун Талас районунун Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2015-жылдын 13-февралында өткөрүлдү.
Талас аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 13-февралында өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Талас аймактык шайлоо комиссиясынын Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Талас облусунун Талас районунун Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Борбашов Музурбек Турмабекович табылсын.
2. Талас облусунун Талас районунун Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 3-марты
№ 20
2015-жылдын 3-мартында жарыяланды