Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 75 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын жана Кара-Суу районунун Ак-Таш жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү.
Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин
1-бөлүгүнө ылайык 1 бирдиктүү, 3 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине шайлоо процессинин катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү кайрылуу (арыздар, даттануулар, актылар) келип түшкөн жок.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн Ноокат, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары берген протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4- бөлүгүнө, 56-1-беренесине жана 62-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Ош облусунун Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
2. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешине жана Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык кеңешине төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелинсин. (тиркеме).
4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 4-июну
№ 100
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2013-жылдын 04- июнундагы
№ 100 токтомуна тиркеме
Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарларынын жана Кара-Суу районунун Ак-Таш жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын тизмеси.
Ноокат шаары
|
№ |
Саясий партиянын аталышы |
№ |
Фамилиясы, аты, атасынын аты |
|
1 |
«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы |
1 |
Кабылов Алижан Абдиламитович |
|
2 |
Дадажанов Махмуджан Хамидович |
||
|
3 |
Маманова Асылкан |
||
|
4 |
Гафаров Абдрахман Мамадумарович |
||
|
5 |
Моминов Махмуджон Турдукулович |
||
|
6 |
Имарова Ирсалат |
||
|
7 |
Сидиков Шавхаджон Махмудович |
||
|
8 |
Жалалов Кадыр |
||
|
9 |
Юнусова Назакатхан Абдимуталибовна |
||
|
2 |
«ЗАМАНДАШ-СОВРЕМЕННИК» саясий партиясы |
10 |
Абдурахманов Нурулла |
|
11 |
Тургунбаев Омурбек Жоробаевич |
||
|
12 |
Сидикова Шаиракан Хамиджановна |
||
|
13 |
Ахмедов Адилжан Шарабиддинович |
||
|
3 |
«РЕСПУБЛИКА» саясий партиясы |
14 |
Кадирбаев Турдумахамат Турсункулович |
|
15 |
Абдижапаров Хамитжан |
||
|
16 |
Калдарова Бактыгул Жумабаевна |
||
|
17 |
Махбузов Нооманжан |
||
|
18 |
Мамажанов Кабилжан |
||
|
4 |
«Ата-Мекен» саясий социалистик партиясы |
19 |
Кодиралиев Абдилвохоп Абдилахатович |
|
20 |
Аттокуров Эмилбек Абдигапарович |
||
|
21 |
Рахманбердиева Равия Амановна |
Кара-Суу району
Ак-Таш айылдык кеңеши
|
Кадыров Талайбек Акимович |
432 |
|
Таиров Халил |
397 |
|
Мамараимов Абдихамид Саитович |
356 |
|
Дооранов Абдулла Абдырайымович |
355 |
|
Мамажанов Абдулвахид Мамасабырович |
345 |
|
Толонов Фахридинбек Мурзаевич |
338 |
|
Орумбаев Камилжан |
332 |
|
Жолдошов Баиш Топчубаевич |
326 |
|
Ибраимов Бакытбек Зулумбаевич |
324 |
|
Касымбаев Артыкбай Адиевич |
308 |
|
Камилов Усманали Кимсанович |
298 |
|
Мамарайимов Кубанычбек Жолдошович |
293 |
|
Камилов Исламбек Сүйүнбаевич |
276 |
|
Атакулов Абдыганы Алибаевич |
265 |
|
Нуржанов Жеңишбек Тургунович |
262 |
|
Тургунбаев Эмилбек Бурканбекович |
256 |
|
Кадыров Мирбек Садырович |
247 |
|
Мамасыдыков Алтынбек Усенович |
244 |
|
Бектиров Тыныч Кочкорович |
233 |
|
Эргешов Иминжан |
75 |
|
Камалов Абдыбап Кадырмаматович |
65 |