Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … № 82 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону …

№ 82 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды маалымдоо жана жарандардын маалыматтарды алууга жана таратууга укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы №116 токтомуна ылайык күчүн жоготту.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө эл аралык шайлоо стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайыктуулукта демократиялык башталыштарды чыңдоо, шайлоо тутумуна жана шайлоо институтуна карата коомдук ишенимди жогорулатуу, шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын маалыматтык кепилдиктерин камсыз кылуу, шайлоочулардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүн жана шайлоонун айкындуулугун камсыз кылуу максатында шайлоочуларды жана шайлоонун башка катышуучуларын маалымдоонун тартибин жана шарттарын регламенттөөнүн зарылчылыгын, жарандардын маалыматтарды алууга жана таратууга укуктарынын кепилдиктерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесине ылайык“ Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды маалымдоо жана жарандардын маалыматтарды алууга жана таратууга укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” Жобо бекитилсин.

2. “Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 17-августундагы № 160 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.Б. Бапановага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                            Т. АБДРАИМОВ

 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 28-июлу

№ 82

 

2015 жылдын 28-июлунда жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2015-жылдын 28-июлундагы

№ 82 токтому менен бекитилген

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды маалымдоо жана жарандардын маалыматтарды алууга жана таратууга укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” Жобо

 

1. Жалпы жоболор

2. Шайлоочуларды жана шайлоонун башка катышуучуларын маалымдоого карата жалпы талаптар

3. Шайлоо мезгилинде жарандардын маалыматтарды алууга жана таратууга укуктарынын кепилдиктери

4. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоонун башка катышуучуларын маалымдоо боюнча иши

 

1. Жалпы жоболор 

1.1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды маалымдоо жана жарандардын маалыматтарды алууга жана таратууга укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” ушул Жобо (мындан ары – Жобо) шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоонун башка катышуучуларын маалымдоонун, жарандардын маалыматтарды алууга жана таратууга укуктарынын кепилдиктеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочуларды маалымдоого мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана шайлоо комиссияларынын катышуусунун тартибин жана шарттарын регламенттейт. 

1.2. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө эл аралык шайлоо стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайыктуулукта демократиялык башталыштарды чыңдоо, шайлоо тутумуна жана шайлоо институтуна карата коомдук ишенимди жогорулатуу, шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын маалыматтык кепилдиктерин камсыз кылуу, шайлоочулардын өз эркин аң-сезимдүү.билдирүүсүн жана шайлоонун айкындуулугун камсыз кылуу ушул Жобонун максаты болуп саналат.

1.3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам), “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Журналистин кесиптик ишин коргоо жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”, “Тынч чогулуштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссия) токтомдорунун жана чечимдеринин талаптарына ылайык иштелип чыкты.

1.4. Ушул Жободо төмөнкү терминдер пайдаланылат:

мамлекеттик органдар – Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын конституциялык жана башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жарлыктарына ылайык туруктуу негизде түзүлгөн, мамлекеттик бийликтин функцияларын жүзөгө ашырууга, ошондой эле аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу, толук республикалык бюджеттен финансылануучу уюмда, ошондой эле борбордук мамлекеттик органдын функцияларын же функцияларынын бөлүгүн жүзөгө ашыруучу кандай гана болбосун аймактык бөлүм же түзүмдүк бирдик;

 

шайлоо комиссиялары - Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуучу органдар: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, аймактык шайлоо комиссиялары, участкалык шайлоо комиссиялары;

чектелген жеткиликтүүлүктөгү маалымат – мамлекеттик сырларга кирген маалыматтар, ошондой эле купуя маалыматтар;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – жергиликтүү маанидеги иштерди чечүү үчүн жергиликтүү коомдоштук тарабынан түзүлүүчү өкүлчүлүктүү, аткаруучу органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функцияларын же функцияларынын бөлүгүн жүзөгө ашыруучу кандай гана болбосун аймактык бөлүм же түзүмдүк бирдик; 

саясий партия – калктын белгилүү бир бөлүгүнүн саясий эркин жүзөгө ашырууга көмөк берүүчү жалпы саясий максаттары жана милдеттери бар жана мамлекеттик иштерди башкарууга, өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу катышкан, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыктыярдуу бирикмеси;

шайлоо алдындагы үгүт– Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоочуларды тигил же бул талапкерлер, талапкерлердин тизмелери үчүн же аларга каршы добуш берүүгө түрткөн, же түртүү максаты бар же иштери;

жеке жактарКыргыз Республикасынын жарандары;

юридикалык жактарменчигинде, чарба жүргүзүүсүндө же оперативдүү башкаруусунда өзгөчөлөнгөн мүлкү бар жана өз милдеттенмелери боюнча бул мүлктөргө жооп берген, өзүнүн атынан сатып алууга жана мүлктүк жана жеке мүлктүк укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга жана сотто доогер жана жоопкер боло алган уюм.

2. Шайлоочуларды жана шайлоонун башка катышуучуларын маалымдоого карата жалпы талаптар

2.1. Шайлоочуларды маалымдоо – шайлоо кампаниясынын мезгилинде шайлоочулардын шайлоого катышуусуна, жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө жана шайлоонун айкындуулугуна түртүүгө көмөктөшүүчү материалдарды даярдоо жана таратуу боюнча иш.

2.2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар шайлоочуларды маалымдоо субъекттери болуп саналат.

2.3. Шайлоочуларды маалымдоого мыйзамдарда белгиленген чектерде гана жол берилет жана шайлоо алдындагы үгүттүн элементтерин жана белгилерин камтыбоого тийиш.

2.4.Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма менен таратылуучу маалыматтык материалдардын мазмуну теңчиликти бузбоого, саясий партияларды басмырлоого (укуктарын кемсинтүүгө) жол бербөөгө тийиш.

2.5. Шайлоонун катышуучусу катары катталган саясий партиялар, же анын өкүлдөрү тарабынан аларды идентификациялоого (алардын таандуулугун аныктоо) жол берүүчү саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, төш белгилерин, логотиптерин же алардын мүнөздүү курамдык бөлүктөрүн, желегин, девиздерин, жазууларын жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) пайдалануу менен шайлоочуларды маалымдоо үгүт болуп саналат жана шайлоо дайындалган күндөн тартып жана талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгилде жана добуш берүү башталганга 24 саат калганга чейин жол берилгис.

Саясий партиялардын штабдары жайгашылган имараттарда жана жайларда саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, логотиптерин, төш белгилерин, желегин, девиздерин жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) жайгаштыруу шайлоо алдындагы үгүт болуп саналбайт.

2.6.Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларды кабарландыруунун бир түрү болуп саналат. Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоодо (чагылдырууда)шайлоочуларды маалымдоо субъекттери төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө милдеттүү:

- сурамжылоону жүргүзгөн уюмду же жеке жакты;

-сурамжылоо жүргүзүү убагын,;

- сурамжылангандардын санын (иргелген);

- маалыматты чогултуу усулун;

- сурамжылоо жүргүзүлгөн регионду;

- суроонун так баяндалышын;

- мүмкүн болуучу кемчиликтерге статистикалык баа берүүнү;

- сурамжылоону жүргүзүүнү табыштаган жакты (жактарды);

- жарыялоого акы төлөгөн жакты (жактарды) көрсөтүүгө.

2.7. Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого (чагылдырууга), анын ичинде аларды жалпы пайдалануудагы маалыматтык-телекомминикациялык түйүндөргө (“Интернет” түйүнүн кошуп алганда) жайгаштырууга  жол берилбейт.

2.8. Ушул Жобонун талаптарын сактабоо маалыматтык материалдарды үгүттөөчүлүк деп таанууга жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

3. Шайлоо мезгилинде жарандардын маалыматтарды алууга жана таратууга укуктарынын кепилдиктери

3.1. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 Мыйзамына ылайык (2013-жылдын 19-февралындагы № №22, 2014-жылдын 18-февралындагы № 35 КР Мыйзамынын редакциясында) ар кимге мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы, анын ичинде шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан. маалыматтарга жетүү укугу кепилденет.

Жалпыга жеткиликтүүлүгү, объективдүүлүгү, өз убагында берилиши, ачыктыгы жана ишенимдүүлүгү маалыматка жетүү эркиндигинин негизги принциптери болуп саналат.

Мамлекет ар кимдин маалыматты издөө, алуу, изилдөө, өндүрүү, берүү жана таратуу укуктарын коргойт.

3.2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтарды берүүлөрүнүн негизги ыкмалары төмөнкүлөр:

1) тийиштүү материалдарды жарыялоо жанатаратуу;

2) жеке жана юридикалык жактарга алардын суроо-талаптарынын негизинде маалыматтарды берүү;

3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалыматтарды элге жарыялоо;

4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын документтерине жана материалдарына тикелей жетүүнү камсыз кылуу;

5) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына тикелей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз иши жөнүндө калкты кабардар кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ар кандай ыкмаларды да колдонууга укуктуу.

3.3. Мамлекеттик жашыруун сырга киргизилген маалыматтар, ошондой эле купуя маалыматтар жетүүгө чектөө коюлган маалыматтар катары таанылат.

Маалыматтарды мамлекеттик жашыруун сырларга кошуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырлар жөнүндө мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык сырларын камтыган, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган башка адамдардын мыйзам менен корголуучу жашыруун сырларын камтыган маалыматтар купуя маалымат катары таанылат.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жашыруун сырларынан турган купуя маалыматтар катары төмөнкүлөр таанылат:

1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин коопсуздугун камсыз кылуунун уюштуруу-техникалык эрежелерине гана таандык болгон маалыматтар;

2) жабык угуулар менен жыйналыштардын конкреттүү мазмунун, ошондой эле жабык кеңешме өткөрүүдө же добуш берүүдө кызмат адамынын жеке позициясын чагылдырган маалыматтар.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке турмуштук сырларга, коммерциялык, кесиптик сырларга жана жашыруун сырдын башка түрлөрүнө кирген маалыматтар башка адамдардын мыйзам менен корголгон жашыруун сырларынан турган купуя маалыматтар болуп саналат. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, эгерде аларга мыйзам менен белгиленген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланыштуу белгилүү болгон башка адамдардын жашыруун сырларынан турган купуя маалыматтарды ачыкка чыгарса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Борбордук шайлоо комиссиясы тааныштыруу жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү тактоо, тизмелердеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн шайлоочунун туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган жери, туулган жылы жөнүндө маалыматсыз шайлоочулардын тизмелерин расмий сайттарга жайгаштырат.

3.4. Жооптуу адамдын маалымат берүүдөн баш тартуусуна, ошондой эле жооптуу адамдын ушул Мыйзамдын талаптарын бузган башка аракеттерине жана чечимдерине, маалыматты сураган адамдын тандоосу боюнча, жогору кызмат адамына, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанууга болот.

3.5. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шайлоо комиссияларынын жарандарды шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу боюнча иши маалымат алууга маанилүү кепилдиктерден болуп саналат.

Мисалы, добуш берүүнүн убактысы жана орду жөнүндө, шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары, тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси, шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматтар жана башка маалыматтар мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

3.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жарандардын маалыматты таратууга укуктарынын кепилдиктерин да бекемдейт. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык шайлоочуларды маалымдоону мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары гана эмес, жарандар да жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын жарандарына шайлоо өткөрүүдө саясий партиялар жөнүндө маалыматтарды таратуу жолу менен мамлекет тарабынан эркин үгүт жүргүзүү камсыз кылынат. Мында Кыргыз Республикасынын жарандары маалыматтарды таратуу жолу менен  шайлоого катышуу үчүн, ар кандай талапкерлердин тизмесин жактап же аларга каршы үгүт жүргүзүүгө, саясий партиялардын шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу.

4. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоонун башка катышуучуларын маалымдоо боюнча иши

4.1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары жана жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына мыйзамдарга ылайык маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы № 185 Мыйзамы менен ратификацияланган Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин демократиялык шайлоолорунун, шайлоо укуктарынын жана эркиндиктеринин стандарттары жөнүндө Конвенцияга (мындан ары – Конвенция) ылайык шайлоону даярдоо жана өткөрүү ачык жана айкындуу жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын алардын компетенцияларынын чектеринде кабыл алынган жана шайлоону даярдоо жана өткөрүү, жарандын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жана коргоо менен байланышкан чечимдери милдеттүү тартипте расмий жарыялоого жатат же болбосо мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттө башка жол менен жалпыга жеткирилет. 

Жарандын шайлоо укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин козгогон укуктук актылар жана чечимдер, эгерде алар жалпы маалымат үчүн расмий жарыяланбаса колдонулушу мүмкүн эмес.

Конвенциянын жоболоруна ылайык мамлекет шайлоо, талапкерлер жөнүндө маалыматтарды издөө, чогултуу, таратуу эркиндигин, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана телекоммуникацияларда шайлоону калыс маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат. 

Жалпыга маалымдоо каражаттары колдонуудагы мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык шайлоочуларды маалымдоону жүзөгө ашырат жана жарандарды маалымдоонун аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

Маалымдоонун маңызы Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын, аларды шайлоодо колдонуунун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүүнү, шайлоо процессин жүзөгө ашыруунун мөөнөттөрү жана тартиби жөнүндө шайлоо процессинин катышуучуларына кабарландырууну,  добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочулардын келүүсү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле добуш берүүнү жарыялоону түзөт.

Саясий партиялар жөнүндө, шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө, зарыл шайлоо аракеттерин жүзөгө ашыруунун мөөнөттөрү жана тартиби жөнүндө, шайлоо мыйзамдары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоочуларды маалымдоо милдети шайлоо комиссияларына жүктөлгөн.

Жалпыга маалымдоо каражаттары жана телекоммуникациялар шайлоо, талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү, алардын шайлоо алдындагы программалары (платформалары) жөнүндө, шайлоо кампаниясынын жүрүшү, добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө калкка маалымдоого жана өз ишин конституциянын, мыйзамдардын, мамлекеттин эл аралык милдеттенмелеринин алкактарында жүзөгө ашырууга чакырылган.

Конвенциянын бир катышуучу-мамлекетинин жалпыга маалымдоо каражаттары жана телекоммуникациялары башка мамлекеттин аймагында шайлоону өткөрүүдө үгүт ишине катышуу максатында пайдалана албайт.

4.2. Шайлоочуларды жана шайлоонун башка катышуучуларын маалымдоо шайлоонун бардык баскычында жүзөгө ашырылат жана жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун кепили болуп саналат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана шайлоо комиссиялары шайлоону дайындоодон тартып, шайлоонун натыйжаларын расмий жарыялаганга чейин аларды жүзөгө ашыруунун бардык шайлоо аракеттери жана мөөнөттөрү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдайт. Жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоону дайындоо, шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жана актуализациялоо тартиби, саясий партияларды көрсөтүүнүн жана каттоонун мөөнөттөрү жана тартиби, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби, шайлоону жана саясий партиялардын шайлоо кампаниясын финансылоо, добуш берүүнүн, добуштарды саноонун мөөнөттөрү жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө жөнүндө маалыматтар жарыяланат.

4.3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги катталган саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен тизмени Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактарына жарыялоону камсыз кылат жана ошол эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет.

4.4. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиядан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен, талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт. 

4.5. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.

4.6. Шайлоочуларды жана шайлоонун башка катышуучуларын маалымдоо максатында ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат жана участкалык шайлоо комиссиясынын кире беришиндеги дубалдарга илинет.

Тиешелүү аймактагы добуш берүүнү жыйынтыктары аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан чыгарылат жана шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколдун чоңойтулган таризи жалпы элдин таанышуусу үчүн аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгилеген жерге илинип коюлат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өткөрүү жөнүндө билдирүү тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

4.7. Аймагында шайлоо комиссиясынын иш аракети жайылтылган ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоонун натыйжалары шайлоо округу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жана түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколунда камтылган маалыматтардын көлөмүндө, алардын талабы боюнча шайлоочуларга, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө таанышуу үчүн берилет.

Ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшүүсүнө жараша Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына токтоосуз жайгаштырылат.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматтарды шайлоонун натыйжасы чыгарылгандан кийин бир күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберет.

Шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле талапкерлердин тизмелеринин ар бири алган шайлоочулардын саны жөнүндө маалыматтарды; алардын негизинде аныкталган түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунда камтылган маалыматтарды кошуп алганда, талапкердин бардык тизмелерине каршы берилген добуштардын натыйжаларын расмий жарыялоо, шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.