№ 64 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М. М. Кадырбекованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Ата-Журт” Мекенчил партиясы” саясий партиясынын талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кадырбекова Майрамкан Мамытовнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кадырбекова Майрамкан Мамытовнанын №140 депутаттык күбөлүгү 2015-жылдын 22-июнунан тартып жараксыз деп эсептелинсин.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН

ОРУН БАСАРЫ                                                                А.ШАЙЫМКУЛОВА 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 22-июну

№ 64

 

2015-жылдын 22-июнунда жарыяланды