№1 Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

С.С. Абдылдаеванын,  Э.К. Батыркулованын,  Н.К. Чомоевдин арыздарынын, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын С.Т. Калгожоевди комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 6,7-пункттарына, 22-беренесиндеги 10-бөлүктүн 1,10-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Абылдаев Советбек Сааткулович - «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясы;

- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Мусаев Калыбек Куменович - «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан;

2.Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Калгожоев Сардарбек Токтогулович - «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан; Батыркулова Элнура Кочкоралиевна – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;

- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Капаров Маматкарим Мамаджанович – «Демократическая партия  «Туран» саясий партиясынан, Каракожоев Суфибек - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;

3.Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгарылсын: Чомоев Нурлан Кочконбаевич - «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынан.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2014-жылдын 10-январы

№ 1