Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан 2010 –жылдын 17 – декабрындагы жеке аныктама келип түшкөн жана анда сот Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын көңүлүн 2008 –жылдын 5 – октябрында өткөн Бишкек шаар кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча №2 –Жал, № 7 –Тоголок Молдо шайлоо округдарында жол берилген тартип бузууларга бурууга токтом кылган.
Соттун жеке аныктамасы 2008-жылдын 5- октябрында өткөн Бишкек шаар кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча № 2 –Жал шайлоо округунун №№ 1010, 1011, 1012, 1013, 1014, 1016, 1018, 1019, 1020, 1041, 1042, № 7 – Тоголок молдо шайлоо округунун №№ 1112, 1116, 1117, 1118, 1119, 1120, 1121, 1122, 1123, 1124, 1125, 1126, 1129, 1130, 1131 - шайлоо участкаларында шайлоо документтерин бурмалоонун фактылары аныкталганын көрсөткөн.
Жаңы шарттардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 38 – беренесинин 5-бөлүгүнүн 1 -пунктун, 6,7 – бөлүктөрүн, 52 – беренесинин 2 – бөлүгүнүн 11-пунктун, Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жана референдум өткөрүү жөнүндө» Мыйзамынын 7 – беренесинин 1 – бөлүгүнүн 2 – пунктун, 2 – бөлүгүнүн 5 – пунктун жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 2 –Жал шайлоо округунун №№ 1010, 1011, 1012, 1013, 1014, 1016, 1018, 1019, 1020, 1041, 1042, № 7 – Тоголок молдо шайлоо округунун №№ 1112, 1116, 1117, 1118, 1119, 1120, 1121, 1122, 1123, 1124, 1125, 1126, 1129, 1130, 1131 - шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын.
2. 2008 –жылдын 5 – октябрында өткөн Бишкек шаар кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча №2 –Жал шайлоо округу жана № 7 –Тоголок Молдо шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылсын.
3. № 2 – Жал шайлоо округу боюнча С.Г. Загинайло, К.А. Узакбаев, Э.Р. Рыскулов, Э.Э. Сыдыков Бишкек шаар кеңешинин мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен депутаттары деп эсептелинсин.
4. № 7 – Тоголок Молдо шайлоо округу боюнча Т.К. Табалдиев, А.В. Завьялова, Т.Ю. Роткина, Т.Н. Исаков Бишкек шаар кеңешинин мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен депутаттары деп эсептелинсин.
5. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011 –жылдын 5-сентябры
№ 225