№526 2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы
№ 1681-VI токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин 2017-жылдын 15-октябрындагы шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 55-беренелерине ылайык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды суммалоо жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйынды таблицаны жана «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжалары жөнүндө» протоколду түздү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №524 токтомуна ылайык, жыйынды таблицаны жана «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжалары жөнүндө» протоколду түзүүдө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган шайлоо участкаларынын маалыматтары алып салынгандыгы эске алынды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжалары жөнүндө» протоколго ылайык:
1.Шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны 3 014 434 шайлоочуну түздү.
2. 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны - 1 697 868 адам, бул шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын жалпы санынан 56,32 % түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Зарлыков Эрнис Зарлыкович 1 554 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,09 % түзөт.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Уметалиева Токтайым Жумаковна 1 473 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,09 % түзөт.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сариев Темир Аргембаевич 43 311 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 2,55 % түзөт.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 8 498 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,50 % түзөт.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масадыков Таалатбек Шамудинович 10 803 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,64 % түзөт.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Бабанов Омурбек Токтогулович 568 665 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 33,49 % түзөт.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 2 015 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,12 % түзөт.
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Бекназаров Азимбек Анаркулович 2 743 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,16 % түзөт.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жээнбеков Сооронбай Шарипович 920 620 добушту алды, бул 54,22 %, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн түзөт.
12. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 110 284 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 6,57 % түзөт.
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Малиев Арсланбек Касымакунович 1 621 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,10 % түзөт.
14. «Бардыгына каршы» позициясы үчүн 12 371 шайлоочу добуш берди, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,73 % түзөт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 55, 58-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7, 18-беренелерин  жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
1.«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 30-октябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2.2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өттү деп табылсын.
3.«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын  30-октябрындагы протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжалары аныкталсын:
- 54,22 % добушту, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык   шайлоочулардын     добуштарынын     жарымынан     көбүн     алган Жээнбеков Сооронбай Шарипович Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды деп эсептелсин.
4.Жээнбеков Сооронбай Шарипович Кыргыз Республикасынын Президенти болуп катталсын.
5.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна киришип жаткан учурда Жээнбеков Сооронбай Шариповичке Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланганы тууралуу ырастама, айырмачылык белгилери – Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жана фамилиясы, аты, атасынын аты, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чегилип жазылган Штандарты (туусу) тапшырылсын.
6.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
 
ТӨРАГА                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 30-октябры
№526