06.12.2020 №409 Энназаров Санжарбек Арзыкуловичтин арызы жөнүндө

2020-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына С.А. Энназаровдон Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арызы келип түшкөн.

2020-жылдын 3-декабрында С.А. Энназаров өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө арызын берген.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкер кандай болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу.

 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, ошондой эле өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө С.А. Энназаровдон 2020-жылдын 3-декабрындагы берген арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө С.А. Энназаровдун арызы канааттандырылсын жана документтери кайтарылып берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Энназаров Санжарбек Арзыкуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө» 2020-жылдын 18-ноябрындагы №356 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Арзыкулов Азатбек Мирлановичке берилген №71 жана Кадыралиева Назгуль Таалайбековнага берилген №72 каттоо ырастамалары анык эмес деп табылсын.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                            Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 6-декабры

№ 409