№53 Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 204 буйругу менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Мамбетов Алмаз Ишенбекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо 2019-жылдын 14-майына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 26-апрели
№ 53