28.11.2019 №164 2019-жылы 22-ноябрда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2019-жылы 22-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 4-ноябрындагы №157 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Рысдавлетов Илясбек Рахманалыевич, Раимов Баялы Рахманбердиевич катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттардан сунушталган.
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2019-жылдын 22-ноябрындагы протоколу менен Көк-Таш айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, И.Р. Рысдавлетов – 8 добуш, Б.Р. Раимов - 2 добуш алышканы, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2019-жылдын 22-ноябрындагы протоколу менен Рысдавлетов Илясбек Рахманалыевич Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылы 22-ноябрда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Рысдавлетов Илясбек Рахманалыевич Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төраганын
орун басары А. Бекматов
Бишкек ш., 2019-жылдын 28 -ноябры
№ 164