23.12.2020 №494 Араван, Ноокат, Лейлек жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Араван жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: М.Х. Абдикаримованын, Т.Г. Токтосуновдун, Аширали уулу К. шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын, У.М. Шапиевди Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдикаримова Минура Хурвайжановна, Токтосунов Төрөбек Гуломжонович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жеенбаева Анаркан Алишеровна, Гапиржанова Мубарахан Муталовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2.Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шапиев Улукбек Мурзабекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Назаралиев Мамасали Байматович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Максутова Назакат Бекназаровна, Бердиев Авазбек Турабаевич, Наркозуев Жыргалбек Курчубаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
4.Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Аширали уулу Кубатбек комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кожоева Марбет Метинбаевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
5.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 23-декабры
№ 494